Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКтын жетекчилери жана кызматкерлери Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги кырдаалдын кесепеттерин жоюуга катышууда

3 Февраль 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жетекчилери жана кызматкерлери Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги кырдаалдын кесепеттерин жоюуга катышууда
 
Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Бишкек жана Чүй филиалдарынын жана компаниянын атайын техникалары менен 100дөн ашык кызматкерлер тартылган.
 
Ошондой эле компаниянын жетекчилери энергообъектте болушуп, оперативдүү иштерди координациялап, түзүлгөн штабдын ишине катышышат.