Колл - борбор: 105;

Кыргызстан Борбордук Азиядагы алгачкы энергетикалык компетенция борборун түзөт

4 Апрель 2026 ж.

Кыргызстан келечекте Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу коңшу мамлекеттер үчүн да жогорку квалификациялуу адистерди даярдаган эл аралык деңгээлдеги компетенция борборуна айланат. Мындай демилге Татарстан Республикасынын Казань шаарында өткөн «ЭНЕРГОПРОМ» эл аралык форумунун алкагында көтөрүлдү.

Форумдун жүрүшүндө Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК менен Татарстан Республикасынын «Тармактык компания” ААКтын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагында чыңалуу астында жумуштарды аткаруу технологиясын өнүктүрүү жана ишке киргизүү, анын ичинде адистештирилген окуу борборун түзүү боюнча кызматташуу тууралуу маанилүү документке кол коюлду.

Аталган документке «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Сыдыгалиев Ильгиз Манатбекович жана “Тармактык компания” ААКтын башкы директору Фардиев Ильшат Шаехович кол коюшту.

Кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Россия Федерациясынын Энергетика министри Сергей Цивилев жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Миннихановдун катышуусунда өтүп, келишимдин жогорку деңгээлде экени жана стратегиялык мааниси дагы бир жолу тастыкталды.

Кыргыз Республикасынын энергетика тармагында токтоосуз модернизациялоо жана инновацияларды киргизүү боюнча активдүү аракеттер жүрүүдө. Бул багыттагы эң маанилүү жетишкендиктердин бири — өлкөдө Борбор Азиядагы алгачкы чыңалуу астында иштөө технологиялары боюнча окуу борборун түзүү демилгесинин иш жүзүндө башталышы болуп саналат. Бул демилге Кыргызстандын региондогу энергетикалык билим берүү жана технологиялык хаб катары ордун бекемдейт.

Макулдашуу Кыргызстанда электр тармактарын өчүрбөстөн тейлөөгө мүмкүндүк берген чыңалуу астында иштөө технологиясын системалуу түрдө киргизүүгө багытталган. Анын алкагында өлкөдө адистештирилген окуу борбору түзүлүп, энергетика тармагындагы адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу камсыздалат. Муну менен катар улуттук шарттарга ылайык нормативдик-укуктук база иштелип чыгып, электр орнотмолорун өчүрбөстөн эксплуатациялоонун заманбап ыкмалары киргизилет, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны адаптациялоо жана тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт.

Долбоорду ишке ашыруу электр энергиясын өчүрүүлөрдүн санын жана узактыгын кыскартууга, энергетикалык жоготууларды азайтууга жана калк менен бизнес үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Аталган Макулдашуу 2017-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Татарстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2025–2027-жылдарга каралган иш-чаралар планынын алкагында жүзөгө ашырылууда.

Бул кадам Кыргызстандын энергетика тармагын жаңы деңгээлге чыгарып, региондогу лидерлик позициясын бекемдейт. Ошондой эле кызматташуу электротехникалык жабдууларды жеткирүү жана өндүрүштү локалдаштыруу багыттарын камтып, кабель продукцияларын, бөлүштүрүүчү калкандарды (щиттерди), эсептегичтерди, муфталарды жеткирүү, аларды монтаждоо жана чогултуу, ошондой эле келечекте биргелешкен ишкана түзүү аркылуу энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүнү да карайт.