Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК бардык энергетиктерди кесиптик майрамы – Энергетиктер күнү менен куттуктайт!

22 Декабрь 2023 ж.

Урматтуу энергетиктер, кесиптик майрам күнү Сиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди, алдыга умтулууга жана кесиптик бийиктиктерге жетүүгө түрткү берген түгөнгүс энергияны каалайбыз!

Акылмандыгы, тажрыйбасы жана колдоосу баа жеткис болгон энергетика ардагерлерине да ыраазычылык билдиребиз. Ардактуу кесиптин ардагерлери сиздердин жетишкендиктериңиздер менен биз ар дайым сыймыктанабыз.

Энергетиктердин эмгегинин жана үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоонун аркасында кыргызстандыктардын үйлөрү жарык, жылуу ал эми ишканалар жана мамлекеттик мекемелер туруктуу иштешин улантууда. Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн жасаган аракеттериңиздер жана эмгегиңиздер үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдиребиз.