Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

30 Август 2023 ж.

Урматтуу кыргызстандыктар!

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК сиздерди өлкөнүн негизги улуттук майрамы болгон - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

Дал ушул күнү, 1991-жылдын 31-августунда элибиздин жашоосунда тарыхый окуя катталып,  Кыргызстан өзүн суверендүү жана көз карандысыз өлкө деп жарыялады.

Мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформалар анын андан аркы өнүгүшүнө пайдубал болуп берди.

Бүгүн, көз карандысыздыктын 32 жылдыгын белгилеп жатып, Кыргызстаныбыз менен, ошондой эле өзүн бүтүндөй дүйнө жүзүнө сабырдуулугу, акылмандыгы, өлкөсүнө болгон сүйүүсү жана жаратмандыгы менен улуттун, мамлекеттин негизги байлыгы катары тааныткан элибиз менен сыймыктанабыз.

Ар бир үйдө тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык болсун!