«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда Тажикстан Республикасынын «Барки Точик» ААК жана «Шабакахои интиколи барк» ААК өкүлдөрүнөн турган энергетикалык компанияларынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу өттү.
Визиттин жүрүшүндө тажик тарап Кыргыз Республикасынын электр тармактарын башкаруу, электр энергиясынын жоготууларын азайтуу, эң жогорку чыңалуу (жүктөм) мезгилинде ишенимдүү электр менен камсыздоо, авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын уюштуруу тармагындагы тажрыйбасы, ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Маалымат борборунун (Дата-центр), Колл-борборунун жана «Бирдиктүү терезесинин» ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мындан тышкары, делегация катышуучуларына электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумунун (ЭЭКАТ/АСКУЭ) мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын керектөө жөнүндө маалымат алууга, төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана башка электрондук кызматтарды колдонууга шарт түзгөн «Мой Свет» жана «Мой Свет – Бизнес» мобилдик тиркемелери сыяктуу санариптик сервистер көрсөтүлдү.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын энергетикалык компанияларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө жана кесиптик тажрыйба алмашууда кезектеги кадам болду.