Урматтуу мекендештер!
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жетекчилиги жана жалпы жааматтын атынан сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Нооруз - өз ара түшүнүүнүн, кечиримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп саналат.
Элибизде ар дайым биримдик, ынтымак болсун!
Бул улуу күнү үйүңүзгө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.
Урматтоо менен,
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын
Башкы директору А.Д. Рысбеков