«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директорунун Нооруз майрамы менен куттуктоосу

20 Март 2024 ж.

Урматтуу мекендештер!

 «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун жетекчилиги жана жалпы жааматтын атынан  сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн  куттуктайм!

Нооруз - өз ара түшүнүүнүн, кечиримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп саналат.

Элибизде ар дайым биримдик, ынтымак болсун!

Бул улуу күнү үйүңүзгө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин.

 

Урматтоо менен,

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын

Башкы директору А.Д. Рысбеков