«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы күн менен түндүн теңелиши-Нооруз майрамын белгилешти

20 Март 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда компаниянын жетекчилигинин, жамаатынын жана чакырылган коноктордун катышуусу менен Ноорузду майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.  

 Иш-чаранын максаты улуттук баалуулуктарды, корпоративдик рухту бекемдөө жана кызматкерлердин чыгармачылык талантын ачуу.

Салтанатты ишкананын башкы директору Алтынбек Рысбеков ачып, баарын жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден - соолук, иштерине ийгилик жана бакубат жыл каалады.

Ар бир структуралык бөлүм даярдалган номерлери менен чыкты: улуттук ырлар, бийлер, жана элдик үрп-адаттарды, каада-салттарды көрсөтүү, ошондой эле аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу оюндары болду. Мындан тышкары, элдик тамак-аштар  жана суусундуктар менен дасторкон жайылды.

Иш-чаранын соңунда мыкты аткаруулар жана катышуучулар үчүн атайын дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.