Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКта акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү

28 Февраль 2024 ж.

2024-жылдын 28-февралында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта акционерлердин кезексиз жалпы чогулушу болуп өттү.

Чогулушта төмөнкү маселелер каралып чыкты:

1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.

2. Жүгүртүлүүчү жөнөкөй энчилүү акциялардын санын көбөйтүү жана коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы №661 “Электр станциялары” ААКсы жана “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКтын каржылык абалын жакшыртуу жөнүндөгү” токтомуна ылайык Коом тарабынан кошумча чыгарылган жөнөкөй аталыштагы акцияларды Финансы министрлигинин пайдасына жабык жайгаштыруу жөнүндө.

4. Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

5. Коомду Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоо жөнүндө.

Тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Чогулуштун жыйынтыгы жакынкы күндөрү "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын www.nesk.kg расмий сайтындагы билдирүүлөр бөлүмүнө жарыяланат

 

Фоторепортаж