Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны болуп өттү

26 Сентябрь 2023 ж.

Бүгүн, 2023-жылдын 26-сентябрында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКта  акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны болуп өттү.

Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

  1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.
  2. Бул акцияларды жокко чыгаруу жолу менен жүгүртүүдөгү (сатып алынган) акциялардын санын кыскартуу жөнүндө.
  3. Коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн азайтуу жөнүндө.
  4. Коомдун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
  5. Коомдун директорлор кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.
  6. Коомдун Башкы дирекциясы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.
  7. Коомдун текшерүү комиссиясы жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.
  8. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында ачык акционердик коомду мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө.
  9. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
  10. Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
  11. Коомдун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
  12. Коомдун текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө.
  13. Коомдун 2023-жылга көз карандысыз аудиторун жана анын кызмат көрсөтүүсүнө акы төлөөнүн өлчөмүн бекитүү жөнүңдө.

Күн тартибине ылайык, компаниянын акционерлери тиешелүү чечимдерди кабыл алышты. Чогулуштун жыйынтыгы жакынкы күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын расмий сайтынын «Билдирүүлөр» бөлүмүндө жарыяланат.