Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКтын башкы директору компаниянын колл-борборунда жумушчу кеңешме өткөрдү

25 Февраль 2024 ж.

Бүгүн, 2024-жылдын 25-февралында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков компаниянын колл-борборунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге башкы директордун орун басарлары, техникалык директор, Бишкек жана Чүй филиалдарынын жетекчилери, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышышты.

Мекеме башчысы Айгерим Айдарова колл-борбордун учурдагы иши менен тааныштырды. Кыш мезгилинде борбордун иши күчөтүлгөн тартипке өткөрүлүп, операторлордун кошумча нөөмөттөрү уюштурулду деп белгиледи ал. Компаниянын чалуу-борборунда жалпы 29 адам 4 нөөмөттө 6дан адам иштейт.

Акыркы 5 күндүн ичинде 25 693 (жыйырма беш миң алты жүз токсон үч) чалуулар келип түштү жана 10 173 вотсап чалуулар иштелип чыкты. Телефон жана вотсап билдирүүлөрү боюнча керектөөчүлөрдүн бардык суроолоруна өз убагында жана толук жооптор берилет.

Белгилей кетсек, учурда компаниянын колл- борбору бүт республиканы тейлеп жатат. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын жетекчиси бардык керектөөчүлөргө ыкчам маалымат берүүнү тапшырды.

Күнү-түнү иштеген колл- борборунун номерлери:

105; 1209;
+996 772 001209;
+996 702 001209;
+996 556 001209 (WhatsApp).