nesk@elcat.kg Колл - борбор: 105; 1209             


«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалдарына 11 жаңы атайын техника тапшырылды


8 Август 2023 ж.

Бүгүн, 2023-жылдын 8-августунда Бишкек электр тармактар ишканасынын базасында кезектеги техника тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалдарына 11 жаңы атайын техника тапшырды.
 
Бул атайын техникалар 2023-жылга коюлган, капиталдык курулуш планына ылайык «Кыргызстан УЭТ» ААК тарабынан сатылып алынган. Алынган 5 дана манипулятор краны жана 6 дана ыкчам бригадалык атайын автоунаанын жалпы суммасы 46 468 000 сомду түздү. Татаал шарттагы жумуштарды тейлөөгө ылайыкташтырылып алынган атайын автоунаалар 7 облустагы алыскы, тоолуу РЭТтерге бөлүштүрүлүп берилди.
 
Энергетика министри Таалайбек Ибраев атайын техниканы тапшырып жатып, энергетиктердин аткарып жаткан иштери алдыга жылышы үчүн аларга керектүү баардык шарттарды түзүп берүү жетекчиликтин милдети экенине токтолду. Муну менен катар министр алдыдагы күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин мойнундагы жоопкерчилик экенин баса белгиледи.
 
Андан тышкары атайын техникаларды алган электр тармактар ишканасынын жетекчилерине техникаларга аяр мамиле жасоого чакырды.
 
Иш-чарага КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, Кыргызстан улуттук электр тармагы ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков, Директорлор кеңешинин төрагасы Атантай Турдубаев, Бишкек электр тармактар ишканасынын жетекчилиги, кызматтык түзүмдөрдүн, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана РЭТ жетекчилери катышты.

366537352_287219547236361_776003468996955074_n (1) 366346500_287219580569691_6988541198915306396_n 366379223_287219537236362_3887434176171237721_n 366571167_287219280569721_3513584906357705485_n 366294095_287219303903052_7311045373904142852_n 366522011_287219293903053_2874269889064613298_n