Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жаш адистери «CASE-IN» Эл аралык инженердик чемпионатына катышты

8 Сентябрь 2023 ж.

Бүгүн, 2023-жылдын 8-сентябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын үч командасы «CASE-IN» Эл аралык инженердик чемпионатынын Жаш адистер лигасынын улуттук тандоосуна онлайн режиминде катышты.

Сынактын башында КМШнын электр энергетикалык кеңешинин Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Василий Борматин сөз сүйлөдү. Ал катышуучуларды сынактын шарттары менен тааныштырып, аларга ийгилик каалап, компанияда өз долбоорлорун ишке ашырууда жаш инженерлердин уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Командалар Кыргызстандын энергетикалык системасына карата технологиялык, экономикалык жана башка артыкчылыктарды эске алуу менен «Экологиялык жактан нейтралдуу технологиялардын негизинде аз көмүртектүү өнүктүрүү» деген темада сынактык тапшырманы оптималдуу чечүүнүн алкагында дистанциялык түрдө иштерди коргошту.

Сынактын жобосуна ылайык, 5 күндүн ичинде жыйынтыктар чыгарылып, улуттук тандоонун жеңүүчүлөрү аныкталат, алар жеке финалга “Россиянын энергетикалык жумалыгы – 2023” Эл аралык форумунун алкагында– 2023-жылдын 13-октябрында Москва шаарында Жаштар күнүнө карата катышат.

“CASE-IN” Жаш Адистер Лигасынын мамлекеттер аралык деңгээлге чыгышы инженердик-техникалык кесиптерди, инженердик билимди жайылтуу, келечектүү технологияларды аныктоо жана өнүктүрүү, ошондой эле жаштардын горизонталдык байланыштарын жана кесиптик аң-сезимдерин чыңдоо маселелеринде эл аралык кызматташтыкты кеңейтет.

Маалымат: Сынактын демилгечилери жана биргелешип уюштуруучулары КМШнын Электр энергетикалык кеңешинин Аткаруу комитети жана Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги.