Бүгүн, 16-сентябрда «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКтын жетекчилиги жана кызматкерлери «Улуттук тазалык күнү» аттуу масштабдуу экологиялык акциянын алкагында жалпы республикалык ишембиликке катышты. Жалпы республикалык ишембиликке ишкананын бардык филиалдары да жигердүү катышты.
Тазалоо иштери атайын бөлүнгөн жерлерде жана административдик имараттар менен энергетикалык объектилерге жанаша жайгашкан аймактарда жүргүзүлдү.
Республиканын бардык тургундарын тегерек-четин тазалоого, айлана-чөйрөнү жашылдандырууга жана таза чөйрөнү түзүүгө чакырабыз.