nesk@elcat.kg Колл - борбор: 105; 1209             


Кыргызстандагы CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат


20 Сентябрь 2023 ж.

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду жана 287,45 чакырым (63%) зымдар тартылды.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.


фото НЭСК (1) фото НЭСК (2) Фото пресс-службы НЭСК (2) Фото пресс-службы НЭСК (4) Фото пресс-службы НЭСК (6) Фото пресс-службы НЭСК (5)