Колл - борбор: 105; 1209

Кыргызстандын энергетика системасы штаттык режимде иштеп жатат

9 Январь 2024 ж.

Өткөн майрамдарда, ошондой эле башка катардагы күндөрдөй эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын адистери күнү-түнү өз жумуш орундарында күчөтүлгөн режимде иштешти.
 
Бекитилген графикке ылайык борбордук аппараттын жетекчилиги, филиалдардын жетекчилери, ошондой эле тиешелүү жооптуу адистер нөөмөттө болушту. Жабдыктардын иштешине өзгөчө көзөмөл орнотулуп, өрт коопсуздугун жана ишкананын объектилерин кайтаруу режимин күчөтүү боюнча кошумча чаралар каралган.
 
Көрүлгөн чаралар керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Жаңы - жылдык майрам күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын карамагында жайгашкан объектилерде электр энергиясы менен камсыздоодо өзгөчө кырдаалдар жана олуттуу үзгүлтүктөр катталган жок.
 
Бүгүнкү күндө ишкананын энергетикалык объектилери штаттык режимде иштеп жатат. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын 8 филиалы – республиканын ар бир облусунда жайгашкан электр тармактар ​​ишканалары, энергетикалык объектилерди техникалык пайдалануу, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана бардык категориядагы абоненттерди тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча жергиликтүү аймактарда иштер улантууда.
 
Электр энергиясы менен камсыздоо маселелери боюнча компаниянын Бирдиктүү маалымдама чалуу борбору: 105, 1209 номерлери күнү-түнү жана дем алышсыз иштейт.