Колл - борбор: 105; 1209

Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда жумушчу кеңешме өткөрдү

9 Июль 2023 ж.

Бүгүн, 2023-жылдын 8-июлунда, Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКда жумушчу кеңешме өткөрдү.
 
Жыйынга министрдин орун басарлары Таалайбек Толубаев, Талайбек Байгазиев, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл кызматынын директору Курсантбек Өмүрбеков, "КУЭТ" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков ошондой эле электр энергиясын сатуу боюнча жооптуу компаниянын структуралык бөлүмдөрүнүн жана филиалдарынын жетекчилери катышты.
 
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
 
- Квитанциялардын электрондук эсеп-фактураларын киргизүү.
 
- Mой свет тиркемесин өркүндөтүү.
 
- Коммерциялык жоготууларды кыскартуу.
 
- Акылдуу эсептегичтерди орнотуу.
 
Таалайбек Ибраев электр менен камсыздоо процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүү боюнча аткарылып жаткан милдеттерге токтолуп, бул тармакты өнүктүрүүгө, электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга жана керектелген электр энергиясы үчүн каражаттарды чогултууда адам факторун кыскартууга мүмкүндүк береерин кошумчалады.
 
«Акылдуу эсептегичтерди орнотуу жана абоненттерди электрондук квитанциялык эсепке ырааттуу которуу энергия менен камсыздоочу ишкананын чыгымдарын бир топ кыскартат. Мисалы, кагаз квитанцияларын, төлөм эсеп-фактураларын басып чыгарууга жылына 10 тоннага жакын кагаз сарпталат, ошондой эле картридждерге жана инспекторлорду (контролёрлорду) тейлөөгө да чоң чыгымдар бар, алардын саны бүгүнкү күндө 1300дөн ашык адамды түзөт. Автоматташтыруу процесстерин киргизүү менен бул чыгымдардын бардыгын эффективдүү оптималдаштырууга жана бошогон каражаттарды көмөкчордондорду жана электр чубалгыларын жаңылоого багыттоого болот», - деди Таалайбек Ибраев.
 
Жыйындын жүрүшүндө «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын адистери пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жана Бишкек шаарында электрондук квитанция эсебин киргизүү жана башка тармактарга онлайн квитанцияларды берүү процессине өтүү боюнча маалымат берди.
 
«Кыргызстан улуттук электр тармагы ААКтын» маалыматы боюнча 183 000 абонент менен электрондук квитанцияларды алуу боюнча кошумча келишимдер түзүлүп, 204 000 колдонуучу Мой свет тиркемесин жүктөгөн. Мой свет тиркемесине келсек, ал абоненттердин сунуштарын эске алуу менен андан ары өркүндөтүлөт, ошондой эле кошумча функциялар кошулат, анын жардамы менен компаниянын кызматтарына онлайн арыздарды аралыктан тапшырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
 
Жолугушуунун жыйынтыгында Таалайбек Ибраев ”Кыргызстан улуттук электр тармагы”ААКга электр энергиясын пайдалануу эрежелерине карата ченемдик укуктук актыларды жаңылоо боюнча сунуштарды киргизүү, ошондой эле абоненттерге өз убагында смарт эсептегичтерди орнотуу боюнча тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, ал электр тармактар комплексин алдыдагы кыш мезгилине өз убагында даярдоонун маанилүүлүгүн эске салды.