Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ»ААКтын жообу абоненттердин суткасына бир нече саатка электр жарыгын өчүрүүгө макулдугу жөнүндө.

2 Август 2023 ж.

WhatsApp топторунда жана мессенджерлеринде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын кызматкерлери абоненттерден суткасына бир нече саатка электр жарыгын өчүрүү боюнча келишимге кол коюуну жүргүзүп жатканы тууралуу үн билдирүүлөр таралууда. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.

Учурда «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук эсеп-дүмүрчөккө өткөрүү боюнча турак-жай абоненттери менен кошумча келишимдерди түзүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Кошумча келишимде ошондой эле электр энергияны колдонууда ашыкча күч келген мезгилде анын керектөө режимин сактоо боюнча пункт бар. Бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 576 токтому менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелерине киргизилген.

Электр энергия менен камсыздоочу ишканалар абоненттер менен келишим түзүдө, электр энергиясын колдонуунун бардык эрежелерин, анын ичинде максималдуу жүктөө сааттарын белгилешет. Демек бул сааттарда өчүрүүлөр же чектөөлөр болот дегенди билдирбейт, бирок келишимге жараша максимум сааттарда өзүлөрү керектөө режимин сактоого милдеттүү, анткени бир эле учурда бир нече энергияны көп талап кылган электр приборлорду күйгүзгөндө, жабдуулар ысып кетип, штаттан тышкаркы кырдаалдарга алып келиши мүмкүн деген билдирүү.

Абоненттерибизди чындыкка дал келбеген билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз, бардык суроолор боюнча компаниянын күнү-түнү иштеген Call-борборуна 105, 1209, (0772) 00-12-09, (0702) 00-12 -09, (0556) 00-12 -09 (whatsapp) телефондору аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз.

Маалымат үчүн: Максимум сааттарда керектөө режими октябрдан баштап мартка чейин: эртеӊ мененки сааттарда: 6.00дөн 9.00гө чейин; кечки сааттарда: 18.00дөн 21.00гө чейин.