Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын полигонунда ТМУ эл аралык мелдеши өттү

30 Июль 2025 ж.

2025-жылдын 27-30-июну аралыгында Иссык-Куль электр тармактары ишканасынын — «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалынын — окутуу-тажрыйба полигонунда, Каракол шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун (ТМУ) «2025-жылдын мыкты электр тармактарын бөлүштүрүү бригадалары» наамы үчүн эл аралык мелдеши өткөрүлдү.

Мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин командалары катышты. Ошондой эле Түркиянын Энергетика министрлигинин өкүлдөрү байкоочу катары катышты.

Иш-чаранын максаты — электр тармактарын бөлүштүрүү боюнча адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү, алдыңкы тажрыйба менен алмашуу, ошондой эле персоналдын техникалык иштерди чыныгы шарттарга жакын мүнөздө аткарууга даярдыгын баалоо.

Бул мелдештин өткөрүлүшү заманбап окуу методдорун киргизүүгө жана кадрлардын квалификациясын жогорулатууга багытталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктик» Доктринасында каралган стратегиялык маанилүү тармактарда кесипкөй, жоопкерчиликтүү жана өнүгүүгө багытталган персоналды калыптандыруу максаттарына кызмат кылат.

Мелдештин алкагында командалар төмөнкү этаптардан өтүштү:

·         1. Электр тогунан жабыркаган адамды куткаруу;

·         2. Манекен-тренажёрдо жүрөк-өпкө реанимациясын кошо алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү;

·         3. 10/0,4 кВ комплекттүү трансформатордук подстанциядагы өрттү өчүрүү.

 

Эл аралык конкурс жеңүүчүлөрүнө 1-, 2-, 3-орундар үчүн атайын сыйлыктар жана мыкты катышуучуларга өзүнчө номинациялар тапшырылды.

Мелдештин жыйынтыктары:

·         Гран-при — Кыргызстан

·         1-орун — Өзбекстан

·         2-орун — Казакстан

·         3-орун — Азербайжан

Иш чаранын жыйынтыктоо аземинде КРнын энергетика министринин орун басары Н.Усенова сөз сүйлөп, ар бир өлкөдөн келген катышуучу командарларга мелдештин жыйынтыгы боюнча байгелерди тапшырды. Аны менен катар жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындан аркы иштерине ийгилик каалады. “Мындай масштабдуу жана орчундуу иш-чараны Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу уюштуруу биз үчүн чоң сыймык жана өзгөчө жоопкерчилик. Бул мелдеш энергетика сыяктуу стратегиялык маанилүү чөйрөдө биздин өлкөлөр ортосундагы практикалык кызматташтыктын чыңдалышын символдоштурган тарыхый окуя болуп саналат.

Бүгүнкү иш-чара жөн гана мелдеш эмес. Бул тажрыйба, билим жана инновациялык ыкмаларды алмашуу аянтчасы. Бул биздин профессионалдык жана адамдык байланыштарыбызды чыңдап, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүктү жана тилектештикти өнүктүрүүдө. Катышуучулардын жогорку профессионалдуулугун, инженердик ой жүгүртүүсүн жана командалык ишин сыймыктануу менен байкадык. Сынактын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин чын жүрөктөн куттуктайм”, - деди Н.Усенова.

 

Ошондой эле, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков да сөз сүйлөдү:

«Биздин компания жана Кыргызстандын энергетика тармагы үчүн мындай эл аралык мелдештерди өткөрүү — кесипкөйлүктү жогорулатуу жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн энергетиктери ортосунда тажрыйба алмашуунун маанилүү кадамы. Биздин мекенде мыкты командаларды кабыл алуу жана аларга чыныгы иш шарттарын түзүү менен кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүп жатканыбызга сыймыктанабыз. Мындай иш-чаралар техникалык компетенттүүлүктү гана эмес, өлкөлөр ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди да бекемдөөгө жардам берет. Бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалайм жана энергетика тармагын өнүктүрүүдө алдыга карай чоң ийгилик каалайм», — деп  белгиледи А. Рысбеков.

Мелдештин аянтчасында кошуна өлкөлөрдүн заводдору өз өндүрүшүндөгү энергетикалык жабдууларды көргөзмөгө койушту. Бул эл аралык кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөгөн иш чара болду.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 16-сентябрында, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Энергетика министрлеринин 4-жыйынында КРнын энергетика министри Т.Ибраев ТМУга мүчө мамлекетер ортосунда кесиптик чеберчилик боюнча мелдешти биринчи Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштаган. Министрлер тажрыйба жана билим алмашууга, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин энергетиктери арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш өткөрүүнү колдошкон.

 

 

 

Фоторепортаж: https://nesk.kg/ru/press-centr/qwew/fotoreportazh56/