Колл - борбор: 105; 1209

КР Энергетика министри Т. О. Ибраев Баткен ЭТИнин жана Сүлүктү РЭТинин административдик имараттарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

9 Июль 2024 ж.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен электр тармактар ишканасынын жана Сүлүктү райондук электр тармактарынын жаңы административдик имараттарынын курулушу менен таанышты.

Таалайбек Ибраев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, иштин сапаттуу жүрүшүн камсыз кылуу жана аны белгиленген мөөнөттө бүткөрүү милдетин койду.

«Биз үчүн жаңы имараттардын сапаттуу болушу, эмеректер менен толук жабдылышы жана курулуштардын өз убагында бүткөрүлүшү абдан маанилүү. Биз Баткен облусунун энергетиктери үчүн жакшы шарттарды каалайбыз. Эгерде кызматкерлерге жакшы шарттар түзүлсө, алардын ишине сапаттуу мамиле жасалат, демек, бул абоненттердин тейлөө сапатына жакшы таасирин тийгизет», - деп баса белгиледи министр.

Сүлүктү райондук электр тармактарынын эски имаратына барганда, РЭТтин жетекчиси Абдыпатта  Исаев

маалымдагандай  эски имарат 1935 -жылы  курулган, эскилиги жеткен жана жайгашкан жери жер көчкү коркунучу бар деп тийиштүү мамлекеттик органдар менен тастыктаган.

Ошондой эле министр Баткен электр тармактар ишканасынын  кызматкерлери менен кеңешме өткөрүп, анда күз-кыш мезгилине  даярдык көрүү,  тейлөө кызматтарын санариптештирүү, материалдык-техникалык база, атайын машиналар менен камсыздоо, акылдуу эсептегичтерди орнотууну тездетүү, трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу ж.б. маселелери талкууланды.Белгилей кетсек, Энергетика министрлиги тарабынан Баткен облусун колдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.