Колл - борбор: 105; 1209

КРнын Энергетика министри Т. Ибраев Ысык-Ата райондук электр тармактарынын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

22 Июнь 2024 ж.

Бүгүн, 2024-жылдын 22-июнунда, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраев Ивановка айылындагы Ысык-Ата райондук электр тармактарынын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Иш-чарага «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков, Чүй ЭТИнин директору Данияр Шабданов, Ысык-Ата районунун акими Эрмекбай Омошев, Ысык-Ата райондук электр тармактарынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ысык-Ата райондук электр тармактарынын эски имараты 1979-жылы курулуп, өтө эски  абалга келген. Үстүбүздөгү жылы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан өздүк каражатка райондук электр тармактарынын жаңы имарат курууну пландаган.  Курулуш иштери июнь айында башталып, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында бүткөрүү пландалууда.

Жаңы райондук электр тармактарынын ишке кириши менен Ысык-Ата районунун 13800 абонентин тейлөө жакшырып, аталган райондук электр тармактарынын кызматкерлери үчүн жакшы шарттар түзүлөт.