Колл - борбор: 105; 1209

КР Энергетика министри Т. О. Ибраев Ноокат районундагы селден жабыркаган электр берүү чубалгыларындагы жана көмөкчордондордогу калыбына келтирүү иштери менен таанышты

7 Июль 2024 ж.

Бүгүн, 2024-жылдын 7-июлунда, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында “КУЭТ” ААКтын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын  Ноокат РЭТинде болуп, Абшыр-Ата айылындагы аба чубалгыларын жана трансформаторлорду калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын үйлөрүндө электр жарыгы, байланыш бар же жок экенин тактады. Өз кезегинде жергиликтүү тургундар энергетиктердин эмгегин белгилеп, алардын кызматы менен, катуу келген селден кийинки алгачкы күндөрдөн эле үйлөрүндө жарык калыбына келтирилгендигин айтышты.

“КУЭТ” ААКтын башкы директорунун  коммерциялык иштер боюнча орун басары Дүйшө уулу Уларбек, компаниянын башкы директору Алтынбек Рысбеков сел болгон жерде бир нече күн болгонун, ал Ноокат, Араван, Сулайман-Тоо,  Ош РЭТтеринен  келген авариялык бригадаларды  тартуу менен электр энергиясын тез арада калыбына келтирүүнү жеке көзөмөлүнө алганын белгиледи. Оңдоп-түздөө  иштерине РЭТтер жана бардык керектүү атайын техникалар тартылган.

КР энергетика министри Ноокат районунда селдин кесепетинен электр чубалгыларынын көптөгөн мамыларын агызып кеткен учурда, тез арада калыбына келтирип,  ыкчам аракетири үчүн РЭТ энергетиктерине ыраазычылык билдирди.

Ош ЭТИнин  директору Э.К. Ысманов жана РЭТ башчысы 66 жаңы 10 кВ электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу, ошондой эле Исанов жана Кулатов айыл өкмөттөрүндө, элди электр энергиясы менен камсыздоонун абалы  жана үйлөрүн тазалоого тургундарга жардам көрсөтүү боюнча маалымат беришти.

Мындан тышкары, Ноокат райондук электр тармактарында Энергетика министри жумушчу кеңешме өткөрүп, административдик имараттын, автопарктын, авариялык тетиктердин жана кышка даярдык көрүү үчүн жабдуулар сакталган кампанын абалы менен таанышты. Күз-кыш мезгилине  карата даярдык көрүү боюнча иштерди сапаттуу жана өз убагында жүргүзүүнү  тапшырды.