Колл - борбор: 105; 1209

КР Энергетика министри Т. О. Ибраев Баткен облусундагы «КУЭТ» ААКнын филиалдарынын РЭТтерине барды

8 Июль 2024 ж.

 2024-жылдын, 07-июлунда Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев жана  «КУЭТ» ААКтын

башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары

Дуйшо уулу Уларбек, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында «КУЭТ» ААКнын Баткен ЭТИ филиалынын Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен РЭТтеринде болушту.

Алар райондук электр тармактарынын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышып, жогоруда аталган РЭТтердин жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле райондордун акимдери менен жолугушуп, анда энергетика тармагындагы учурдагы  маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, алар РЭТтердин административдик имараттарын, энергетикалык жабдууларды сактоочу кампаларды карап чыгышты.

Министр электр тармактык инфраструктуранын туруктуу иштеши үчүн жетиштүү ресурстар жана запастык бөлүктөр барбы деп кызыкты.

Баткен ЭТИнин жетекчиси Каланбек Маркаев ишканада жүргүзүлүп жаткан иштер, электр берүү чубалгыларын жана комокчордондордун  оңдоо жана модернизациялоо, ошондой эле жаңы административдик имараттарды куруу тууралуу айтып берди. Ал ошондой эле энергетика министринен бүгүнкү күндө күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан ийгиликтүү өтүү үчүн зарыл болгон техникалык кызматтарды жаңы атайын унаалар  менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Таалайбек Ибраев белгиленген маселелерди жакын арада карап чыгаарын айтып, облустун энергетиктерине жемиштүү иш каалап, күз-кыш мезгилине өз убагында даярдык көрүү керектигин айтты.