Колл - борбор: 105;

Энергетиктерге кезектеги атайын техникалар берилди

5 Июнь 2026 ж.

Бүгүн, 5-июнь күнү “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын базасында 41 даана жаңы атайын техника тапшырылды.
Техника тапшыруу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков, Энергетика министри Таалайбек Ибраев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын жетекчилиги, Бишкек, Чүй ЭТИнин кызматкерлери катышты.
Министрлер кабинетинин орун басары Акунбеков Эрлист Абакирович техникаларды тапшырып жатып, бүгүнкү тапшырылып жаткан жаңы техникалар энергетиктердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин ыкчамдатууга жана энергетикалык инфраструктуранын туруктуу иштешин камсыздоого көмөк көрсөтөрүн баса белгиледи.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетиктерди кезектеги атайын техника алып жатышы менен куттуктап, техникаларды сарамжалдуу пайдаланып, аяр мамиле жасоого чакырды.
Атайын техникалар “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын өз каражатынын эсебинен жалпы суммасы 181,6 млн сомго сатып алынды жана республика боюнча электр тармактар ишканаларына бөлүштүрүлөт.
Алардын катарына жүктөгүч-экскаваторлор, бийиктикке көтөрүлүүчү унаалар (автовышкалар), оор жүк ташуучу башкы унаалар (тягачтар), чиркегичтер жана бригадалык унаалар кирет.
Мындан тышкары, 2026-жылдын ичинде кошумча 8 даана манипулятор сатып алуу пландалып, жалпы жаңыланган техникалардын саны 49 даанага жетет.
Энергетика тармагындагы - санариптештирүү иштери
Бүгүнкү өткөн иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков энергетика тармагында ишке ашырылып жаткан заманбап санариптик долбоорлор менен таанышып, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) менен биргеликте Кыргыз Республикасынын энергетика тутумун жакшыртуу үчүн борборлоштурулган электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутуму болгон ЭКЭАТ - Дата борборунун иши менен жакындан таанышты.
Дата-борбору - өлкө боюнча 1,5 миллиондон ашуун акылдуу эсептегичтерди башкарууга жөндөмдүү. Долбоордун максаты - Кыргызстандын энергетика секторун санариптештирүү жана электр энергиясын бөлүштүрүү тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Заманбап технологиялар менен жабдылган борбор бүткүл республика боюнча “акылдуу” эсептегичтер тутумун камтыган электр энергиясын эсептөө тутумун башкаруунун негизги шилтемеси болуп калат. Интеллектуалдык эсепке алуу тутумун киргизүү электр энергиясын бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун бир топ жогорулатат, эсептөөлөрдөгү ачык-айкындуулукту камсыз кылат жана эң негизгиси өлкөбүз үчүн өзгөчө маанилүү болгон электр тармактарындагы жоготууларды азайтууга жардам берет