Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан УЭТ» ААКтын жаш адистери Москва шаарында өтө турган «CASE-IN» эл аралык инженердик чемпионатынын финалына катышат

20 Апрель 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жаш адистери Москва шаарында өтө турган «CASE-IN» эл аралык инженердик чемпионатынын тандоо туруна катышып, финалга жолдомо алышты.

Финал үстүбүздөгү жылдын 18-22-май күндөрү Москва шаарында өтөт.

Эске сала кетсек, 13-16-апрель күндөрү «CASE-IN» эл аралык инженердик Чемпионатынын финалына онлайн форматта КМШга мүчө 8 өлкөсүнөн 22 команда тандоо туруна катышкан. Алар: Россия, Беларусь, Армения, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан республикаларынын командалары.

Кыргызстандын атынан тандоо туруна «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын “Next energy” (“КУЭТ” ААКтын Борбордук аппараты), “Manas POWER” (Жалал-Абад электр тармактар ишканасы), “Energo Team” (“КУЭТ” ААКтын Борбордук аппараты), “Bishkek energy” (Бишкек электр тармактар ишканасы) командалары катышып, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук аппаратынын жаш адистеринен турган “Next energy” жана “Energo Team” командалары тандоо турунан ийгиликтүү өтүшүп, аталган мелдештин финалында Кыргызстандын намысын коргомокчу. 

Маалымдама: эл аралык жаш адистер Лигасы «CASE-IN» – отун-энергетика, минералдык-сырьелук комплекстерде жана чектеш тармактарда кесипкөйлүк менен өнүгүүгө умтулган жаштар үчүн кейстерди чечүү боюнча ачык мелдеш.

Долбоордун максаты: инженердик-техникалык кесиптерди жайылтуу, инженердик билим берүү жана жаңы технологияларды өнүктүрүү маселелеринде эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин жаш адистеринин горизонталдык байланыштарын жана кесиптик маалымдуулугун бекемдөө.