Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жана «Азеришыг» кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту

19 Ноябрь 2024 ж.

Бакуда өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактуу конвенциясынын 29-конференциясында (СОР29)  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жана «Азеришыг» өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. 

Кол коюу аземи «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Дурусбекович менен «Азеришыг» ААКнын төрагасы Вугар Жабраил оглы Ахмедовдун жолугушуусунун алкагында өттү. 

Меморандумда инновациялык технологиялар, «жашыл» технологиялар, санариптик трансформация, ошондой эле тармактардын ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуу сыяктуу негизги багыттар камтылган. 

Эки өлкөнүн бөлүштүрүүчү тармактары бул багыттар боюнча эл аралык тажрыйбаны пайдаланууну пландап жатышат. Мындан ары адистердин билим жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү мерчемделген.