Баку шаарында өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптар Конференциясынын 29-жыйынынын (СОР29) алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Дурусбекович Рысбеков менен «Азерэнержи» ачык акционердик коомунун төрагасы Балабаба Гусейнага уулу Рзаев эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын энергетикалык системаларынын ортосундагы келечектүү кызматташтык маселелери талкууланды. Атап айтканда, электр тармактык жабдууларды пайдалануу боюнча билим жана тажрыйба алмашуу, жаңы технологияларды киргизүү, ошондой эле кайра жаралуучу энергия булактарына негизделген долбоорлорду энергетикалык система менен интеграциялоо тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.