Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК Бишкектеги жаңы «Ырыс Ордо» Конгресс-холлун электр инфраструктурасы менен камсыздады

24 Август 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК борбор калаанын жаңы ири объекти — «Ырыс Ордо» Конгресс-холлун ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо иштерин ийгиликтүү аяктады. Комплексти тармакка туташтыруу үчүн энергетиктер 11 чакырымдан ашык заманбап кабель чубалгыларын төшөштү.

24-августта Бишкекте «Ырыс Ордо» Конгресс-холлунун ачылышы өттү. Эл аралык саммиттерди, форумдарды, сүйлөшүүлөрдү жана ири коомдук, маданий иш-чараларды өткөрүүгө багытталган бул жаңы көп тармактуу комплекс 14,7 гектар аянтты ээлейт. Комплекстин жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашып, сыйымдуулугу 2 миңден ашуу конокту түзөт. «Ырыс Ордонун» курамына 1 238 орундуу «Курултай» конгресс-залы, 1 000 кишилик банкет залы, 235 орундуу пресс-зал, сүйлөшүүлөр менен жолугушуулар үчүн залдар, ошондой эле расмий делегациялар үчүн сегиз конок үйү кирет.

Комплексти куруу менен бирге анын энергетикалык инфраструктурасын түзүү иштери да катар жүргүзүлдү. Даярдык иштеринин алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы Конгресс-холл аймагындагы чыңалуусу 10 кВ болгон кабель чубалгыларын курууну жана реконструкциялоону аяктады.

«Киргизская» көмөк чордонунан «Конгресс-Холл» бөлүштүрүүчү пунктуна чейин жалпы узундугу 9 060 метрди түзгөн төрт кабель чубалгысы тартылды. Мындан сырткары, түздөн-түз комплекстин аймагында дагы төрт кабель чубалгысы курулду:

  • ТП-4766дан «Конгресс-Холл» БПсынын Ф-2сине чейин — 591 метр;
  • ТП-4766дан «Конгресс-Холл» БПсынын Ф-11ине чейин — 591 метр;
  • «Конгресс-Холл» БПсынын Ф-4үнөн ТП-5057ге чейин — 592 метр;
  • «Конгресс-Холл» БПсынын Ф-9унан ТП-5057ге чейин — 592 метр.

Долбоордун алкагында төшөлгөн кабель чубалгыларынын жалпы узундугу 11 426 метрди түздү. Аткарылган иштерге траншеяларды казуу, кабелдерди төшөө, кабель муфталарын монтаждоо, зарыл болгон сыноолорду өткөрүү жана объекттерди эксплуатацияга берүү кирди.

Курулушта кесилиши 3×185 мм² жана 3×240 мм² түзгөн, тигилген полиэтилен (XLPE) изоляциялуу заманбап кабелдер колдонулду. Мындай чечимдер электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатып, тармактын зарыл болгон өткөрүү жөндөмдүүлүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Эл аралык делегацияларды кабыл ала турган, ири форумдарды жана жогорку деңгээлдеги иш-чараларды өткөрө турган объект үчүн ишенимдүү электр менен камсыздоо инфраструктуранын негизги турамдарынын бири болуп саналат. Энергетиктердин эмгеги келген конокторго дээрлик байкалбайт — дал ушунун өзү аткарылган иштин жыйынтыгы: жарык, жабдуулардын иштеши, байланыш, коопсуздук системалары жана комплекс аянтчаларынын кынтыксыз иштеши үзгүлтүксүз камсыздалууга тийиш.

Жалпысынан борбор калаанын электр тармактарын модернизациялоо Бишкек электр тармактар ишканасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. 2026-жылы Бишкекте чыңалуусу 10 кВ болгон 20 чакырымдан ашык кабель чубалгыларын куруу жана реконструкциялоо пландалууда. Бул иштер шаарды электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, техникалык жоготууларды азайтууга жана жаңы керектөөчүлөрдү туташтыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

«Ырыс Ордо» борбор калаанын эң ири жаңы объекттеринин бири болуп калды. Анын ачылышы — эл аралык жана коомдук иш-чаралар үчүн жаңы аянтча гана болбостон, объектти зарыл болгон электр инфраструктурасы менен камсыздаган көптөгөн адистердин, анын ичинде энергетиктердин да эмгегинин натыйжасы. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК заманбап Бишкектин өнүгүшү үчүн энергетикалык базаны түзүү менен калаа тармактарын модернизациялоону улантууда.