Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы Ысык-Көл облусунун энергообъектилерин курорттук сезонго даярдады

13 Июнь 2024 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл ЭТИнин - филиалынын адистери жылдык оңдоо компаниясынын алкагында курорттук сезондо жайкы күч келүү чокусунан өтүүгө Ысык-Көл облусунун энергетикалык жабдууларын даярдашты.

 

Жыл башынан бери энергетиктер Ысык-Көл облусунда жайгашкан 17 даана 35-220 кВ жогорку чыналуудагы көмөк чордондорго, 66 даана  0,4-10 кВ трансформатордук көмөк чордондорго жана 0,4-10 кВ 161 чакырым узундукта капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүштү. Чок-Тал айылындагы  10 кВ  3,6 чакырым узундагы электр берүү чубалгысы кайра конструкцияланды. Авариялык абалда турган жыгач тирөөчтөр жаңы темир-бетон тирөөчтөргө алмаштырылды.

 

Компаниянын ыкчам персоналы да жай мезгилине ишке даярдалды. Энергетиктер аварияга каршы машыгууларга катышып, өзгөчө  коопсуз эмгектин окуусунан өтүштү.