15-Май, 2024-жыл, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКнын жетекчилиги жана кызматкерлери "Энергетикалык кризистин жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун заманбап чакырыктарынын шарттарында жашыл экономиканы жана энергетиканы туруктуу өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү" аттуу эл аралык илимий-техникалык конференциясына катышты.
Конференция көрүнүктүү окумуштуу, экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Инженердик академиясынын анык мүчөсү, КМШнын эмгек сиңирген энергетиги жана Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай жана энергетиканын отличниги Касымова Валентина Махмутовнанын туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналды.
Конференцияга Кыргызстандын улуттук электр тармагы ААКнан төмөнкүлөр катышты:
- Дүйшө уулу Уларбек, башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары;
- Кубанычбек Исмаилов, өндүрүш бөлүмүнүн башчысы;
- Элзада Саргашкаева, ММК бөлүмүнүн башчысы.
Өз сөзүндө компаниянын өкүлдөрү энергетикалык коопсуздукка жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу заманбап чакырыктардын контекстинде жашыл экономиканы жана энергетиканы өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Туруктуулукту, натыйжалуулукту жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган негизги стратегиялар жана инновациялар талкууланды.
Дүйшө уулу Уларбек Валентина Махмутовнаны компаниянын жетекчилигинин атынан 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, көптөгөн энергетиктер анын окуучулары экенин баса белгиледи,тармактын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Кубанычбек Исмаилов «Кыргызстан УЭТ» ААКнын өндүрүштүк базасынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги жөнүндө отчет берип, электр менен камсыздоонун туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу жана ЭКБны Кыргызстандын энергетика тутумунда интеграциялоо үчүн инфраструктураны модернизациялоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Элзада Саргашкаева жашыл энергетикага өтүү процессинде маалыматтык колдоонун жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүнүн ролун белгиледи.
Бул конференцияга катышуу компаниянын энергетиканын жана туруктуулуктун актуалдуу маселелерин чечүүгө болгон умтулуусун көрсөтөт. Эл аралык деңгээлде билим жана тажрыйба алмашуу Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жерлерде энергетикалык коопсуздукту жана экологиялык туруктуулукту чыңдоого өбөлгө түзөт.