Электр тогу – кооптуу.
Чубалгынын тирөөчтөрүнө чыгууга болбойт, анткени зымга тийбесеңиз да, ток тартышы ыктымал.
Көмөкчордондордун аймагына кирүүгө болбойт.
Жабдуулар жогорку чыңалууда жана электр объектисинин жабдууларына тийбесеңиз да, ток алыстан сокку урат.
Үзүлгөн зымга жакындабаңыз, жер электр тогун өткөрөт, зымга 10 метрден жакындабаңыз. Салаңдаган зымга жакындабаңыз, ал чыңалуу астында болушу мүмкүн.
Аба чубалгыларынын үзүлүп же салбырап калганын көрсөңүз, бузулган жерди кайтарууну уюштуруп, коркунучу бар экенин эскертип, дароо чоңдорго же электр тармагына кабарлоо керек.
Коридордо, подьезде, жертөлөдө, чатырларда бөлүштүргүчтөрдүн жана башка электр приборлорунун эшиктерин ачууга тыюу салынат.
Эгерде сиз ачык зымдарга тийсеңиз, зымдарга кийим илип койсоңуз же кагаз чаптап алсаңыз, электр тогуна урунуп калышыз мүмкүн.
Электр энергиясын колдонууда этият болуңуз жана электр коопсуздук эрежелерин так сактаңыз.
Электр энергиясы өлүмгө алып келерин унутпаңыз.
Абайлаңыз!
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын 24 саат бою иштеген колл-борборунун телефону 105.
Чалуу акысыз.
Видео ролик https://www.youtube.com/watch?v=S8fUBas5c9s