Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААК 2025-жылы техникалык паркын жаңыртууну улантууда

23 Июнь 2025 ж.

2025-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев «КУЭТ» ААКсына жаңы атайын техниканын ачкычтарын расмий түрдө тапшырды.

2025-жылга карата капиталдык курулуш планынын жана электр тармактарынын инфраструктурасын ишенимдүү жана натыйжалуу иштетүү боюнча чаралардын алкагында «КУЭТ» ААК кошумча 16 даана атайын техниканы 60 920 000 сомго сатып алды. Алардын ичинде:

  • 8 экскаватор

  • 8 автовышка

«Бүгүн биз күз-кыш мезгилинин алдында маанилүү кадам таштап жатабыз — техникалык паркыбызды жаңыртабыз. Жалпысынан быйыл 70 даана атайын техника сатып алынган. Бүгүн энергетиктерге дагы 16 даана техника тапшырылып жатат, мурда 54 даана берилген. Жаңы техникалар калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого жардам берет деп ишенем. Транспорт каражаттарына кылдат мамиле кылыңыздар. Ал эми биз мындан ары да техникалык паркты пландуу түрдө жаңыртып турабыз», — деди энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Ушуну менен 2025-жылдын ичинде компаниянын өз каражаттарынын эсебинен жалпы суммасы 163 403 400 сомду түзгөн 70 даана атайын техника сатып алынды.

«Атайын техниканы жаңыртуу — бул жөн гана техникага салынган инвестиция эмес. Бул — электр энергиясын ишенимдүү жеткирүү, өндүрүш процессин натыйжалуу уюштуруу жана эң негизгиси — кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы стратегиялык кадам. Жаңы техникалардын жардамы менен биз күнүмдүк милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткарууга жетише алабыз», — деп белгиледи «КУЭТ» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков.

Иш-чарага КР энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков, капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директордун орун басары Сыдыгалиев Ильгиз, Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов жана энергетика тармагынын өкүлдөрү катышты.