Үстүбүздөгү жылдын 23-24 -майында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын кезектеги «Бирдиктүү бетачар күнүн 0,4-6-10-35 кВ» тармактарды өнүктүрүү» темасында өткөрөт.
Бул иш-чаранын максаты - инновациялык атаандаштыкка жөндөмдүү идеяларды, даяр продукцияларды жаны технологиялар менен таанышып, аларды иш жүзүнө ашыруу.
Бирдиктүү бетачар күнүнө катышууга жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк энергетикалык компаниялардын, Кыргызстандын илимий чөйрөлөрүнүн жана университеттеринин, ошондой эле электр жабдууларын өндүрүүчү иш каналардын өкүлдөрү чакырылат.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын «Бирдиктүү бетачар күнү» республиканын булуң бурчундагы аталган кесип ээлеринин, энергетикалык жабдууларды өндүрүүчүлөрүнүн тажрыйба, пикир алмашуусу жана заманбап технологиялар боюнча маалымат алуу үчүн кесипкөй аянтча катары кызыктырат.