Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан калкты сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК («КУЭТ» ААК) күз-кыш мезгилине даярдануу максатында өзүн көтөрүүчү обочолонгон зымдарды (СИП) колдонуу менен аба чубалгыларын активдүү реконструкциялоодо.
2026-жылы компания боюнча түрдүү чыңалуудагы чыңалуу классындагы жалпысынан 902 км СИП-кабелин монтаждоо пландаштырылган. Ыкчам маалыматтарга караганда, бүгүнкү күнгө карата энергетиктер 406,02 км кабелди монтаждап бүтүшту.
Аткарылган иштердин жүрүшү (жыйынтыктоочу маалыматтар):
· СИП-2 (0,4 кВ): 153,8 км монтаждалды;
· СИП-3 (6/10 кВ): 176,3 км монтаждалды;
· МАР линиясы боюнча 6/10 кВ кабели: 76,1 км монтаждалды.
СИП технологиясынын артыкчылыктары:
СИП-кабелдерин колдонуу авариялык өчүрүүлөрдүн тобокелдигин бир кыйла азайтат, зымдардын бири-бирине тийишип кетишинен жана бак-дарактардын шактары түшкөндө пайда болчу кыска чыңалууларды (короткое замыкание) болтурбайт, электр энергиясынын коммерциялык жоготууларын алдын алат жана калк үчүн жогорку коопсуздукту камсыз кылат.
Иштер бекитилген графикке ылайык так улантылууда.