Бул иштер Энергетика тармагындагы реформанын жана электр энергиясы менен камсыздоо тутумун автоматташтыруунун алкагында "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы (КУЭТ) 2025-жылдын башынан тартып республика боюнча тиричилик абоненттерине 200,1 миң акылдуу эсептегичтерди орнотту.
Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда жана улуттук энергетикалык тутумду модернизациялоого багытталган.
Демилгенин негизги максаттары – электр энергиясын эсепке алуунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу, техникалык жана коммерциялык жоготууларды кыскартуу, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана тармакта санариптик инфраструктураны өнүктүрүү.
Акылдуу эсептегичтер электр энергиясын керектөөнү онлайн режиминде эсепке алууга, бузулууларды тез арада аныктоого, уруксатсыз туташуулардын алдын алууга жана эсептөөлөр үчүн так маалыматтарды түзүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жаңы тутум керектөөчүлөргө электр энергияны керектөөсүн натыйжалуу башкарууга шарт түзүп, ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.
«Акылдуу эсептегичтерди киргизүү — бул жөн гана технологиялык жаңылануу эмес, бул — электр энергия менен камсыздоо тутумун стратегиялык жактан заманбап өзгөртүү. Бул чечимдер тармактын ишенимдүүлүгүн жана ачык-айкындыгын бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет, ал эми керектөөчүлөр үчүн — электр энергиясын ыңгайлуу жана так эсепке алууну камсыз кылат», — деп белгиледи «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков.
2025-жылдын аягына чейин дагы 300 миң акылдуу эсептегич орнотууну пландалууда. Натыйжада алардын жалпы саны 500,1 миңге жетет. Орнотуу географиясы өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарды да камтыйт.
Долбоор этап-этабы менен, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү администрациялар жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ишке ашырылууда. Электр энергиясын эсепке алуунун жаңы алеттерин колдонуу эрежелери боюнча калкты маалымдоого өзгөчө көңүл бурулууда.