Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы 7 даана 110 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунун кубаттуулугун жогорулатат

12 Февраль 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы  2025-жылы 7 даана 110 кВ жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунун кубаттуулугун жогорулатууну пландаштырууда:

  1. 110 кВ «Орто-Алыш» көмөк чордону, Бишкек ш.;
  2. 110 кВ «Көк-Жар» көмөк чордону, Бишкек ш.;
  3. 110 кВ «Кыргызская» көмөк чордону, Бишкек ш.;
  4. 110 кВ «Кош-Тегирмен» көмөк чордону, Чүй облусу;
  5. 110 кВ «Пржевальская» көмөк чордону, Ысык-Көл облусу;
  6. 110 кВ «Базар-Коргон» көмөк чордону, Жалал-Абад облусу;
  7. 110 кВ «Самат» көмөк чордону, Баткен облусу.

Көрсөтүлгөн көмөк чордондордо 110 кВ күч трансформаторлору алмаштырылат, натыйжада бул энергообъекттерде 100 МВА ашык кубаттуулугу кошулат.

Бул иштер ашыкча жүктөлгөн трансформатордук көмөк чордондорду алмаштыруу жана кийинки күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө даярдоо боюнча программанын алкагында пландаштырылган.  

Аталган көмөк чордондордун кубаттуулугун жогорулатуу көмөк чордондордогу ашыкча жүктөмдү түшүрүүгө, кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет, ошондой эле жаңы керектөөчүлөрдү кошуу үчүн шарттарды түзөт.  

Эске салсак, 2024 - жылы компаниянын тармактарына 30 миңден ашуун жаңы-тиричилик жана өнөр жай абоненттери кошулган.