Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому 2024-жылы 6 жаңы көмөк чордонун курууда

10 Октябрь 2024 ж.

Керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын негизги иш багыты болуп саналат. Компания жыл сайын энергетикалык объектилерин жаңыртуу иштерин жүргүзүп келет.

Быйыл керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында республика боюнча 6 жаңы көмөк чордондору курулууда. Алардын ичинен Жалал-Абад облусундагы 35/10 кВ «Дейрес» жана Ысык-Көл облусундагы 110/10 кВ «Чырпыкты» эки көмөк чордондору пайдаланууга берилди. Калган төмөнкү  энергетикалык объектилер жыл аягына чейин аяктайт:

- Бишкек шаарындагы 110/10 кВ «Ак-Кула» көмөк чордону;

- Бишкек шаарындагы 110/10 кВ «Орто-Сай» көмөк чордону;

- Ош облусундагы 110/10 кВ «Булолу» көмөк чордону;

- Жалал-Абад облусундагы 35/10 кВ «С. Дүйшеев» көмөк чордону.

Курулушту каржылоо компаниянын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.