«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине туруктуу жана ишенимдүү энергетикалык инфраструктураны камсыз кылуу максатында жана КР энергетика министрилигинин реформаларынын алкагында 8 айдын ичинде комплексдүү капиталдык оңдоо иштери төмөнкүдөй аткарылды:
• 35–500 кВ чыңалуудагы 163 көмөк чордондордун жабдууларында;
• 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 2522 трансформатордук көмөк чордондордо;
• 709 чакырым 35–500 кВ аба чубалгыларында;
• 2409км чакырым 10–0,4 кВ аба чубалгыларында.
Ошондой эле учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлдү:
• 467 көмөк чордондордун жабдууларында (35–500 кВ);
• 13863 трансформатордук көмөк чордондордо (6–10/0,4 кВ);
• 6598чакырым аба чубалгыларында (35–500 кВ);
• 27703 чакырым аба чубалгыларында (10–0,4 кВ).
Мындан тышкары, имараттарды, курулмаларды, тейлөөчү унааларды оңдоо иштери, ошондой эле энергетикалык объектилерди суу-ташкынынан жана аба-ырайынын таасиринен коргоого багытталган чаралар да көрүлүүдө. Бул аракеттер күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылууну көздөйт.