2025-жылга карата капиталдык курулуш планынын алкагында, күз-кышкы мезгилге даярдык көрүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформанын негизинде «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы электр тармак комплексин модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча ири иштерди улантууда.
Учурда республика боюнча кубаттуулугу 16 МВА болгон 35 кВ күч трансформаторлору 10 көмөк чордондордо алмаштырылды. Бул энергообъектилеринин кубаттуулугун жогорулатып, электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырат.
Облустар боюнча бөлүштүрүү:
· 35/10 кВ «Водоканал» көмөк чордону – Бишкек шаары;
· 35/10 кВ «Достук» көмөк чордону – Чүй облусу;
· 35/10 кВ «Кудайберген» көмөк чордону – Чүй облусу;
· 35/10 кВ «Военно-Антоновка» көмөк чордону – Чүй облусу;
· 35/10 кВ «25 лет Кыргызстан» көмөк чордону – Чүй облусу;
· 35/10 кВ «Южная-1» көмөк чордону – Ысык-Көл облусу;
· 35/10 кВ «Животноводческая» көмөк чордону – Баткен облусу;
· 35/10 кВ «Комсомол» көмөк чордону – Жалал-Абад облусу;
· 35/10 кВ «Речная» көмөк чордону – Ош облусу;
· 35/10 кВ «Ош-7» подстанциясы – Ош облусу.
«Күч трансформаторлорун алмаштыруу – бул жөн гана техникалык жаңылануу эмес, өлкөнүн энергосистемасынын ишенимдүүлүгүнө кошкон салым болуп саналат. Биздин негизги максат – Кыргызстандагы ар бир аймак үзгүлтүксүз жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз болушу. Айрыкча күз-кыш мезгили алдында мындай долбоорлорду ишке ашыруу энергетикадагы реформанын маанилүү кадамы жана калк менен ишканалар үчүн кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган», – деп белгиледи «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков.
Бул иш-чаралар электр тармактарынын туруктуулугун жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатууга, ошондой эле калкты, социалдык объектилерди жана ишканаларды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга өбөлгө түзөт.