Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын республика боюнча 10 РЭТинде акылдуу эсептегичтерди орнотуу толугу менен аяктады

30 Сентябрь 2024 ж.

Электр энергия менен камсыздоо процессин санариптештирүү жана автоматташтыруу алкагында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы абоненттерге акылдуу эсептегичтерди орнотууну улантууда. Ушул жылдын башынан тартып 10 РЭТте акылдуу эсептегичтерди орнотуу 100 пайызга аяктады, атап айтканда, Каракол, Түп, Чолпон-Ата, Нарын, Кочкор, Тянь-Шань РЭТтери, Жалал-Абад жана Ош шаардык электр энергиясын сатуу кызматы, Талас Горсети жана Үч-Коргон участогу. Баткен шаарында  акылдуу эсептегичтердин орнотуусу 50 пайызга бүткөн.

Республика боюнча жалпысынан 448,5 ЭКЭАТ эсептегичтери орнотулган.  Алардын ичинен быйыл 120  миң орнотулду.

Акылдуу эсептегичтерди ишке киргизүү электр камсыздоонун процесстерин автоматташтырууга, маалыматты алыстан чогултууга, эсеп-кысаптарды алыстан чыгарууга, дебитордук карызы бар абоненттерди алыстан өчүрүүгө, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайрадан туташтырууга, эсептегичтин уруксатсыз ачылышы тууралуу сигналды алыстан алууга жана башка иштерди аткарууга мүмкүнчүлүк берет. Электр энергиясы үчүн онлайн төлөм системасын жана онлайн туташтыруу функциясын колдонуу керектөөчүлөргө убакыт үнөмдөөгө жана Кыргызпочтасынын кассаларында, банктарда жана энерго сатуу бөлүмдөрүндө кезек күтүп турбоого, төлөм терминалдары жана онлайн банкинг (мобилдик капчыктар) аркылуу төлөм жүргүзүүгө шарт түзөт. Электр энергиясына болгон төлөмдөрдүн структурасында төлөм терминалдарынан жана мобилдик тиркемелерден келип түшкөн каражаттардын көлөмү өсүп жатат.

Эсептегичтерди орнотуу менен коштолгон электр тармактарын жана жабдууларды реабилитациялоо авариялык өчүрүүлөрдүн санын бир топ азайтты, бул керектөөчүлөр тарабынан оң бааланууда.

Интеллектуалдык эсептегичтерди киргизүү долбоорлору компания үчүн да, керектөөчүлөр үчүн да натыйжалуу болуп саналат.

Жакын арада республиканын бардык аймактарында 650  миң эсеп алеттерди  орнотуу боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалууда.