Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК: 2025–2026-жылдарга күз-кыш мезгилине даярдык жана жарым жылдык жыйынтыктар

18 Июль 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК 2025- жылдын  I-жарым жылдыгы боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин коллегиясына катышты. Доклад менен башкы директор Алтынбек Рысбеков чыгып, 6 ай ичинде жетишилген жыйынтыктар, күз- кыш мезгилине даярдык көрүү, капиталдык курулушту ишке ашыруу жана тармакты санариптештирүү  боюнча аткарылган иштер  тууралуу маалымат берди.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча негизги жыйынтыктар:

Алты ай ичинде жетишилген ийгиликтер жана аткарылган иштер.

Энергетикалык инфратүзүмдү куруу боюнча капиталдык курулуштардын ишке ашырылышы.

Электр тармактарын жаңыртуу жана санариптештирүү.

2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине алдын ала даярдык көрүү. Күз-кыш мезгилине даярдык иштери:

Башкы подстанциялар, электр берүү чубалгылары жана жабдуулар текшерилип, оңдолууда.

Авариялык абалдарга даяр болуу үчүн материалдык жана техникалык запастар топтолууда.

Энергетикалык система кышкы жогорку жүктөм мезгилинде туруктуу иштеши үчүн чаралар көрүлүүдө

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында  «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү алкагында аткарылган иштер.

 Капиталдык ремонт иштери:

                 35-500 кВ чыңалуудагы 116 көмөк чордондордун жабдуулары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;

                 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 1654 даана трансформатордук көмөк чордондор оңдолду;

                 35-500 кВ чыңалуудагы 414 чакырым аба чубалгылары оңдолду;

                 10-0,4 кВ чыңалуудагы 1588 чакырым аба чубалгылары   оңдолду.

 Учурдагы  ремонт иштери:

                 35-500 кВ чыңалуудагы 367 көмөк чордондор;

                 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 10 702 трансформатордук көмөк чордондор;

                 35-500 кВ чыңалуудагы 4 627 чакырым аба чубалгылары;

                 10-0,4 кВ чыңалуудагы 21 292 чакырым аба чубалгылары.

Капиталдык курулуш пландарынын алкагында:

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу, инфратүзүмдү өнүктүрүү жана жаңы керектөөчүлөрдү тармакка кошуу максатында бир катар ири энергетикалык объектилердин курулушу жүргүзүлүүдө.

 Курулуп жаткан көмөк чордондор

         1.      110 кВ «Мурас» көмөк чордону (Бишкек шаары);

         2.      110 кВ «Дача» көмөк чордону (Жалал-Абад облусу);

         3.      110 кВ «Промышленная» көмөк чордону (Баткен облусу);

         4.      35 кВ «Талды-Суу» көмөк чордону (Нарын облусу);

         5.      35 кВ «Абшыр» көмөк чордону (Ош облусу);

         6.      35 кВ «Кожомкул» көмөк чордону.

Кошумча долбоорлор:

         «Үч чоку» долбоорунун алкагында Жыргалан өрөөнүндө 35/10 кВ көмөк чордон курулууда. Бул объект аймактагы инфратүзүмдү камсыз кылууга багытталган.

         Электр энергиясы  менен камсыздоо кызматтарынын сапатын жана ыкчамдуулугун жогорулатуу максатында Жалал-Абад жана Нарын облустарында 5 райондук электр тармактарынын (РЭТ) жаңы административдик имараттарынын курулушу жүрүүдө:

                 Жалал-Абад облусу: Майлуу-Суу РЭТ, Чаткал РЭТ;

                 Нарын облусу: Нарын РЭТ, Ат-Башы РЭТ, Жумгал РЭТ.

Ош электр тармактар ишканасы тарабынан ижаралык төлөмдөрдү кыскартуу максатында төмөнкү 2 участок курулуп бүткөрүлдү:

                 Кулатов участогу (Ноокат РЭТ);

                 Чек-Абад участогу (Араван РЭТ).

Ошондой эле, Ош электр тармактар ишканасынын чыгымдарын кыскартуу жана керектөөчүлөрдү  электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу максатында темир-бетон буюмдарын өндүрүүчү чакан ишкана курулуп, азыркы тапта пайдаланууга берүү стадиясында турат.

Талас облусунда ВЛ-110 кВ «Семетей–Победа» аба чубалгысында эскирген АС-150 зымдары жаңы АС-150 зымдарына алмаштырылууда.

Ысык-Көл облусунда ушул сыяктуу иш-аракеттер ВЛ-110 кВ «Тамга–Пржевальск» аба чубалгысында пландаштырылган, узундугу 40 км.

 10/0,4 кВ электр тармактарында аткарылган иш-чаралар:

                 Кошумча трансформатордук көмөк чордондор орнотулуп, учурдагы трансформатордук кубаттуулуктар 190 бирдикке жогорулатылды;

                 8200 даана жыгач мамылар темир-бетон мамыларга алмаштырылды;

                 216,5 чакырым электр берүү линиялары курулуп жана реконструкцияланды, анын ичинен 205,5 чакырым эски зымдар СИП-2 маркасындагы изоляцияланган зымдарга алмаштырылды.

 Материалдык-техникалык камсыздоо:

                 2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында компаниянын өз каражаттарынын эсебинен 163 403 400 сомго 70 даана атайын техника сатып алынып, филиалдарга бөлүштүрүлдү. Бул техниканын болушу күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз өткөрүүгө даярдыкты ылдамдатат.

 Санариптештирүү боюнча иштер:

                 2025-жылдын башынан тартып республика боюнча 250 миң даана «акылдуу эсептегичтер» орнотулду.

         Жыл аягына чейин дагы 250 миң эсептегич орнотулуп, жалпы саны 500,1 миңге жеткирүү пландалууда.