"КУЭТ" ААК акционерлердин жылдык жалпы чогулушу жөнүндө кабарлайт
5 Апрель 2024 ж.
“Кыргызстан улуттук электр тармактар” ААК 2024-жылдын 29-апрелинде саат 10.00дө Бишкек шаары, Жибек-Жолу көчөсү 326 дарегинде боло турган акционерлердин жылдык жалпы чогулушун өткөрө тургандыгын маалымдайт.
Өткөрүүнүн формасы – ачык.
КҮН ТАРТИБИ:
- Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө.
- Коомдун Башкы дирекциясынын 2023-жылдагы каржы-чарбалык ишмердигинин жыйынтыктары боюнча отчету.
- Коомдун Башкы дирекциясынынын 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету.
- Коомдун 2023-жылдагы жылдык балансы, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө.
- Коомдун көз карандысыз аудиторунун 2023-жыл боюнча корутундусу жөнүндө.
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын 2023-жыл боюнча корутундусу жөнүндө.
- Коомдун Директорлор кеңешинин 2023-жыл үчүн отчету.
- 2024-жылга Коомдун жылдык бюджети жөнүндө.
- Коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
- Коомдун директорлор кеңешинин мүчөсүн шайлоо жөнүндө.
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө.
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө
- Коомдун директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө.
- Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сыйакылардын жана компенсациялардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө.
- 2024-жылга коомдун көз карандысыз аудиторун тандоо жана аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүүчү акынын өлчөмүн аныктоо жөнүндө.
- Ар кандай маселелер.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2020-жылдын 30-декабрындагы №263-п буйругу менен жактырылган Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу кодексин колдонуу жана ишке киргизүү жөнүндө.
Акционерлерди каттоо убактысы саат 9.00дө башталат.
Акционерлердин тизмесин түзүү күнү – 2024 жылдын 26-апрели.
Чогулуштун материалдары менен акционердик коомдон төмөндөгү даректен: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү,326, 320-бөлмөдөн “Кыргызстан УЭТ” ААКнын корпоративдик катчысынан таанышууга болот. Сурап-билүү телефону: (0312) 90-45-77.