Колл - борбор: 105;

«КУЭТ» ААК Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана ШКУ саммитин өткөрүү үчүн энергоинфраструктураны модернизациялады

2 Сентябрь 2026 ж.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйындарына даярдык көрүү алкагында «КУЭТ» ААКнын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасынын энергетиктери электр тармактык инфраструктура объекттерин куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча ири көлөмдөгү иштерди аткарышты. Бул негизги мамлекеттик объекттерди жана эл аралык иш-чаралар өткөрүлүүчү жайларды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүндүк берди.

·         «Конгресс-Холл» объектиси боюнча:

o    «Кыргызская» көмөк чордонунда кубаттуулугу 40 000 кВА болгон үчүнчү күч трансформатору орнотулду. 110 кВ ОРУ жана 110 кВ КРУН монтаждалып, 10 кВ I жана III шиналар секциялары кесилиши 400 мм² жез кабелдик туташтыргыч аркылуу секцияланды.

o    «Кыргызская» көмөк чордонунан кесилиши 185 мм² болгон кабелдик линиялар экиден тартылып, жалпы узундугу 9 060 метрди түздү.

o    «Конгресс-Холл» жана «Ынтымак-Ордо» объекттери үчүн АПвБПу-3×240 мм² маркасындагы 10 кВ кабелдик линиялар тартылды:

§  «Конгресс-Холл» РПсынан имараттын ичиндеги ТП-5057ге чейин — 1 184 метр;

§  «Конгресс-Холл» РПсынан «Ынтымак-Ордонун» ТП-4766сына чейин — 1 182 метр.

o    «Ырыс-Ордо» жана «Ынтымак-Ордо» объекттери үчүн 110/10 кВ «Парковая» көмөк чордонунан ТП-4766га чейин АПвБПу-3×240 мм² маркасындагы 10 кВ линиялар тартылып, жалпы узундугу 5 634 метрди түздү.

·         «Бишкек-Арена» объектиси боюнча:

o    Т-1 жана Т-2 эки күч трансформатору бар жаңы «Мурас» көмөк чордону курулду. 110 кВ ОРУ, 110 кВ КРУН монтаждалып, 2×240 мм² кесилиштеги туташтыргычтар аркылуу 10 кВ шиналар секцияланды.

o    Объект үчүн төрт фидердик 10 кВ кабелдик линия (ар бир фидерге экиден) тартылып, К-59 маркасындагы төрт 10 кВ өчүргүч орнотулду.

o    Убактылуу электр энергиясы үчүн 0,4 кВ 26 бөлүштүрүүчү калкан орнотулуп, АВВГ-1×240 мм² маркасындагы 26 чакырымдан ашык убактылуу кабель тартылды.

o    Стадионго коопсуздук үчүн металл издегичтер орнотулду: А. Токомбаев проспектисинин чыгыш тарабына 16 даана, батыш тарабына 12 даана. Аларга 0,23 кВ кабелдик линиялар жүргүзүлдү.

·         ШКУнун иш-чараларындагы коопсуздук:

o    2026-жылдын 29-августунда «Манас» аэропортунан ШКУ объекттерине чейинки маршрутта 15 текшерүү пункту орнотулду. Аларды электр менен камсыздоо үчүн жакынкы ТПлардан 0,23 кВ кабелдик линиялар тартылды.

·         №1 Мамлекеттик резиденция аймагындагы иштер:

o    ТП-3263 көчүрүлүп, «Водоканал» көмөк чордонунун №5 фидеринин 10 кВ аба чубалгысынын №48 таянычына чейин кабель монтаждалды.

o    ТП-1113төн кабелдик чыгыш көчүрүлүп, ТП-417ден жаңы ТП-3263кө чейин 10 кВ кабель узартылды. Жалпы узартылган жана көчүрүлгөн линиялардын узундугу 110 метрди түздү.

Аткарылган иштердин комплекси борбор калаадагы негизги мамлекеттик жана инфраструктуралык объекттерди электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле эл аралык иш-чаралар өткөрүлгөн мезгилде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берди.