Колл - борбор: 105;

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК заманбап «акылдуу» эсептегичтерди орнотууну улантууда

24 Август 2026 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАС / АСКУЭ) масштабдуу түрдө киргизүүнү улантууда.

Орнотулгандан кийин керектөөчү эмнени көрөт?

Абонент үчүн башкы өзгөрүү — мындан ары эсептегичтин көрсөткүчтөрүн ай сайын кол менен тапшыруунун кереги жок. Интеллектуалдык шайман керектөө тууралуу маалыматтарды өзү каттап, тутумга жөнөтөт.

Бул төмөнкүнү билдирет:

·         көрсөткүчтөр автоматтык түрдө катталат;

·         иш жүзүндө керектелген электр энергиясы эсепке алынат;

·         эсептөөлөр ачык-айкын болот;

·         кол менен аткарылуучу иштердин саны азаят;

·    керектөө тууралуу маалыматтар тармакты ыкчам башкаруу үчүн энергетикалык компанияга жеткиликтүү болот.

Муну менен бирге эсептегичтин өзү, аны орнотуу жана буга байланыштуу чыгымдар турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү үчүн акысыз. Бардык чыгымдарды «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК өзүнө алат.

Өлкөнүн электр энергиясын эсепке алуу тутумун масштабдуу модернизациялоо:

ЭКЭАС тутумун киргизүү — Кыргызстандын электр менен камсыздоо тутумун модернизациялоонун масштабдуу программасынын бир бөлүгү.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен «Shenzhen Kaifa Technology» компаниясынын ортосунда кол коюлган эл аралык келишимдин алкагында бүтүндөй республика боюнча дагы 390 000 интеллектуалдык эсептегич орнотуу пландалууда.

16-августта «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын кампасына жабдуулардын биринчи партиясы — 122 700 бирдик келип түштү. 19-августта жабдуулар аймактарга жеткирилди.

 

Бишкек шаарына жөнөтүлдү:

  • 77 924 бир фазалуу ЭКЭАС эсептегичи;

 

  • 1 180 концентратор (МЭКК / УСПД).

 

Ош шаарына келип түштү:

·         35 976 бир фазалуу эсептегич;

·         6 800 үч фазалуу эсептегич;

·         820 концентратор (МЭКК / УСПД).

Бул жабдуулар интеллектуалдык эсепке алуу тутумун андан ары кеңейтүү үчүн арналган.

ЭКЭАС— бул жөн гана эсептегич эмес

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК үчүн интеллектуалдык эсепке алуу — бул эң оболу энерготутумду башкаруунун жаңы деңгээли. Керектөө тууралуу так маалыматтарды автоматтык түрдө алуу менен адистер жүктөмдү ыкчам талдап, штаттан тышкаркы кырдаалдарды жана технологик четтөөлөрдү аныктай алышат, ошондой эле электр тармактарын натыйжалуу башкара алышат.

Ошентип, азыркы заманбап эсептегич керектөөчүнү, эсепке алуу шайманын жана энергетикалык компанияны бириктирген чоң санариптик тутумдун бир бөлүгү болуп калат.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасы боюнча 500 100 акылдуу ЭКЭАС эсептегичи орнотулган. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК турмуш-тиричилик керектөөчүлөрүн интеллектуалдык эсепке алуу шаймандары менен камсыздоону улантууда. Программанын максаты — электр энергиясын эсепке алууну кыйла так, ыңгайлуу жана ачык-айкын кылуу, ал эми энерготутумду башкарууну ыкчамдатуу.