Колл - борбор: 105; 1209

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК жалпы республикалык ишембиликке катышты

19 Апрель 2025 ж.

2025-жылдын 19-апрелинде, жалпы республикалык ишембилик алкагында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын борбордук аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери бекитилген аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерине катышышты.

Ишимбилик төмөнкү даректер боюнча өткөрүлдү:
• Жибек-Жолу көчөсү, 326;
• Махатма Ганди жана БЧК көчөлөрүнүн кесилиши;
• Шабдан Баатыр көчөсү — Түштүк БЧКдан Аскер госпиталына чейин.

Бул жерлерде тротуарлар тазаланып, таштандылар чыгарылып, бак-дарактардын түптөрү акталды, айлана-чөйрө иретке келтирилди.
 
Белгилей кетүүчү жагдай, ишембиликке «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын бардык филиалдары да активдүү катышып, өз аймактарын көрктөндүрүүгө чоң салым кошушту.
Тазалоо жана көрктөндүрүү иштери энергетикалык объектилерде жана аларга жанаша аймактарда жүргүзүлдү.

Филиалдардын жамааттары жоопкерчиликтүүлүктү, эмгекчилдикти жана биримдикти көрсөтүштү.
Мындай иш-чаралар шаардык жана өндүрүштүк чөйрөнүн жакшыртылышына өбөлгө түзөт.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК ишембиликке активдүү катышкан жана айлана-чөйрөгө камкор мамилеси үчүн, бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирет.