Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКсы 10/0,4 кВ трансформатордук 648 көмөк чордондорунда күч трансформаторлорун орнотуу жана кубаттуулугун жогорулатуу иштерин жүргүзөт

24 Апрель 2025 ж.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы 2025-жылдын аягына чейин 10/0,4 кВ трансформатордук 648 көмөк чордондо күч трансформаторлорун орнотуу жана кубатын жогорулатууну пландап жатат.

«Электроэнергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Швейцариянын экономикалык саясат мамлекеттик катчылыгы (SECO) финансылык колдоосу менен, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоордо 281 даана 10/0,4 кВ күч трансформаторлору алынат. Кошумча 367 даана трансформатор КУЭТтин өз каражаты эсебинен алынат.

Электр тармактар ишканалары боюнча 10/0,4 кВ трансформаторлорун орнотуу жана кубатын жогорулатуу төмөнкү көлөмдө каралган:

  • Бишкек электр тармактар ишканасы — 70 даана;
  • Баткен электр тармактар ишканасы — 98 даана;
  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасы  — 113 даана;
  • Ысык-Көл электр тармактар ишканасы  — 63 даана;
  • Нарын электр тармактар ишканасы— 78 даана;
  • Ош электр тармактар ишканасы — 117 даана;
  • Талас электр тармактар ишканасы  — 39 даана;
  • Чүй электр тармактар ишканасы — 70 даана.

Жабдууларды жаңылоо күз‑кыш мезгилине даярдык алкагында пландалган, бул энергосистемасына болуп  жаткан жүктү азайтып, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат.

«КУЭТ» ААКсы модернизациялоо жана системалуу иш-чараларды улантып, Кыргызстандын энергосистемасын замандын талабына шайкеш, туруктуу жана эффективдүү калыптандырууну көздөйт.