Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААКы бөлүштүрүүчү тармактардын оңдоо жана тейлөө боюнча Республикалык кесиптик чеберчилик мелдешин өткөрөт

13 Сентябрь 2024 ж.

  2024-жылдын 13 сентябрында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын Ысык-Көл филиалынын окуу-өндүрүштүк базасында 10/0, 4 кВ бөлүштүрүүчү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча ыкчам-оңдоо персоналынын бригадалары арасында кесиптик чеберчилик мелдештери башталды.     

  Иш-чаранын ачылышына КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Эрлан Айсаракунов, КР Энергетика министрлигине караштуу Энергетика көзөмөл кызматынын директордун орун басары Узак Качкынбаев , "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков, анын орун басарлары Доктурбай уулу Жолдошбек жана Илгиз Сыдыгалиев, ошондой эле энергетикага эмгек сиңирген ардагерлери, компаниянын филиалдарынын жетекчилери жана энергетиктери катышышты.

Мелдешке компаниянын облустук филиалдардын-электр тармак ишканаларынын куралган командалар-райондук электр тармактарындагы ички мелдештерден тандалып алынгандар мелдешишет. Иш-чаранын максаты - кызматкерлердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу жана энергетикалык объектилерде иштерди коопсуз жүргүзүү, ошондой эле 0,4-10 кВ бөлүштүрүүчү тармактардын ишинин жогорку техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө жана ишенимдүүлүгүнө жетишүү үчүн электр тармактары ишканаларынын эксплуатациялык жана оңдоо персоналын мобилизациялоо.

  Мелдештин жүрүшүндө командалар бир нече техникалык этаптардан өтүп, иштин заманбап ыкмаларын көрсөтүшөт, аларды баалоо баллдык система боюнча жүргүзүлөт. Командалар жабыркаган адамды электр тогунан бошотуу жана биринчи жардам көрсөтүү, ошондой эле электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө менен байланышкан техникалык жумуштар сыяктуу тапшырмаларды аткарышы керек. Ошондой эле, электр куроочулар коопсуздук эрежелерин, техникалык эксплуатацияны жана өрт коопсуздугунун эрежелерин билүүсү текшерилет. Белгилей кетчү нерсе, сыноо шарттары бөлүштүрүү тармактарын тейлөө топтору күнүмдүк жумушта туш болгон реалдуу өндүрүштүк кырдаалдарга мүмкүн болушунча жакын.

   Этаптардан тез жана сапаттуу өтүү гана эмес, эмгекти коргоо жана коопсуздук боюнча бардык эрежелерди сактоо менен өтүү керек. Муну компетенттүү калыстар тобу көзөмөлдөйт. Иш-чаранын соңунда мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат. Эскерте кетсек, иш-чара компаниянын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана эмгек шарттарын жакшыртуу алкагында өткөрүлүп, Кыргызстандын энергетикалык тармактарынын ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүн камсыздоого багытталган.