Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААК 12 жаңы электр тармактарынын имараттарын куруп, жыл аягына чейин пайдаланууга берет

24 Сентябрь 2024 ж.

Керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча оперативдүүлүктү жогорулатуу максатында компаниянын 2024 – жылга капиталдык курулуш боюнча планына өз каражаттарынын эсебинен 12 жаңы административдик  имараттарды куруу киргизилген. Алар  электр тармактары ишканаларына, райондук электр тармактарына (РЭТ), электр энергиясын сатуу кызматтарына, жана электр тармактар  участокторуна.  Булардын ичинен 3 имарат пайдаланууга берилди: – Токтогул жана Сокулук электр тармактарынын эки участогу жана Сузак электр энергиясын сатуу кызматынын административдик имараттары. Кийинки 9 имарат жылдын аягына чейин бүткөрүлөт:

- Баткен шаарындагы Баткен электр тармактар ишканасынын административдик имараты; 

- Сүлүктү шаарындагы Сүлүктү райондук электр тармактарынын административдик имараты;  

- Кара-Кулжа айылында Кара-Кулжа райондук электр тармактар ишканасынын административдик имараты;

- Ивановка айылындагы Ысык-Ата райондук электр тармактарынын административдик имараты;  

- Бишкек шаарындагы маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун административдик имараты;

- Ноокат районундагы Кулатов электр тармактар участогу; 

-  Араван районундагы Чек-Абад электр тармактар участогу; 

-  Аксы районундагы Кызыл-Жар электр тармактар участогу;

-  Сузак  районундагы Кызыл-Туу электр тармактар участогу.

Курулуп жаткан административдик имараттар керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөө үчүн жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын тармактарына толук аймактык байланыштыруу менен электр энергиясын эсепке алууда санариптик технологияларды пайдалануучу заманбап диспетчердик жана дистанциялык борборлор менен жабдылат.  Мындан тышкары, керектөөчүлөр үчүн кезектин электрондук системасы жана күтүү жайы ынгайлуу шарттары менен заманбап бирдиктүү терезелер иштейт.

Белгилеп  айтканда, РЭТтердин  көптөгөн имараттары 60-70 жыл мурда курулуп жана эскилиги жеткен, мисалы Сүлүктү РЭТинин имараты 1953-жылы, ал эми Кара-Кулжа РЭТинин имараты 1965-жылы курулган. Керектөөчүлөрдү кабыл алуу эски жана тар жайларда жүргүзүлчү, күтүү залы жана электрондук кезек системасы жок болчу. Айрым  электр тармактарында участоктордун жайлары болгон эмес, ошон үчүн ижарага алууга муктаж болушкан, мисалы Араван районунун Чек-Абад электр тармактарынын участкасы айылдык клубда болгон.   

 Кошумчалап кетсек,  бул жылы Жалал-Абад шаарындагы  электр энергиясын сатуу кызматынын борбордук имаратында, Базар-Коргон жана Токтогул РЭТтеринде капиталдык ремонт жүргүзүлдү. Кийинки жылы райондук электр тармактарынын административдик имараттарын капиталдык оңдоону жана жаңы курууну улантуу пландаштырылууда.