Колл - борбор: 105; 1209

«КУЭТ» ААК туристтик сезондун алдында Ысык-Көл облусунун электр тармактарын чыңдоодо

23 Июнь 2025 ж.

Курорттук жана туристтик сезондо Чолпон-Ата шаары менен Ысык-Көл облусун туруктуу жана ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо максатында, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы  директору Рысбеков А. Д. тарабынан берилген тапшырманын негизинде, компаниянын Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын базасында беш облустан келген мобилдик бригадалардын окуу-машыгуулары өтүүдө. Бул бригадалар Бишкек, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан тартылган.

Бардыгы болуп беш мобилдик бригада тартылып, заманбап атайын техника, жеке коргонуу каражаттары жана керектүү материалдар менен жабдылган.


Бекитилген графикке ылайык, 2025-жылдын 15-июнунан 30-августуна чейин бригадалар Ысык-Көл электр тармактар ишканасына кезек менен келип, окуу-практикалык иштерге катышышат.

Машыгуулардын жүрүшүндө адистер энергетикалык объектилерди капиталдык куруу жана оңдоо боюнча пландуу иштерди аткарышат. Бул аракеттер алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле, аймактардан келген кызматкерлер авариялык кырдаалдарды жоюу жана ыкчам электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тажрыйба жана билим менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Белгилей кетсек, туристтик сезондун алдында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК тарабынан облустагы электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган бир катар маанилүү иштер жүргүзүлдү.

Аткарылган иштер төмөнкүлөрдү камтыйт:

Чырпыкты жана Жолколот айылдарында жаңы трансформатордук көмөк чордондорду орнотуу – бул аймактардагы электр энергиясы менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатып, авариялык кырдаалдардын тобокелдигин азайтат.

Капиталдык оңдоолор:
• чыңалуусу 35–220 кВ болгон 16 көмөк чордон;
• 10–0,4 кВ болгон 18 трансформатордук көмөк чордон (облустун аймагында);
• 0,4–10 кВ — 34 чакырым аба чубалгысы;
• 35–220 кВ — 4  чакырым аба чубалгысы.

Негизги объектилерде жабдууларды жаңыртуу жана реконструкциялоо:
• 35/10 кВ «Ачикеев» көмөк чордонунда эски май өчүргүчтөр заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды — алар экологиялык жактан таза, коопсуз жана иштөөгө ыңгайлуу;
• 110/10 кВ «Чолпон-Ата» көмөк чордонунда КРУН-10 кВ бөлүштүрүү жабдуусу жаңыртылды;
• 6,7 чакырым  аба чубалгылар реконструкцияланды,  анын ичинде: 1,83 чакырым  СИП (өзүн көтөргөн изоляцияланган зымга), ал эми 5,3 чакырым алюминий зымдар менен алмаштырылды;
• Эски жыгач тирөөчтөрдүн ордуна заманбап темир-бетон конструкциялар орнотулду — алар аба ырайынын шарттарына жана сырткы таасирлерге туруштук бере алат.