2025-жылга карата Капиталдык курулуш планын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жүргүзүп жаткан реформалардын алкагында «Кыргызстан УЭТ» ААКсы электр тармактарын модернизациялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу боюнча масштабдуу иштерди улантууда. Бул иштердин негизги багыттарынын бири — 10/0,4 кВ чыңалуудагы тармактарга жаңы трансформатордук кубаттуулуктарды орнотуу болуп саналат.
Аталган жыл ичинде жалпысынан 367 даана трансформатордук кубаттуулук (ТМГ) орнотуу каралган. Бул иштер жаңы трансформатордук көмөк чордондорун куруу менен катар эски жабдууларды алмаштыруу аркылуу да ишке ашырылууда. Максат — электр энергиясын камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу.
Аймактар боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:
Бишкек шаары — 44 даана
Чүй облусу — 47 даана
Талас облусу — 21 даана
Ысык-Көл облусу — 41 даана
Нарын облусу — 43 даана
Баткен облусу — 35 даана
Жалал-Абад облусу — 70 даана
Ош облусу — 66 даана
«Туруктуу жана сапаттуу электр менен камсыздоо — бул биздин башкы артыкчылыгыбыз. Жаңы трансформатордук көмөк чордондорун орнотуу — жөн гана техникалык жаңылануу эмес, бул региондордун туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоо шартын жакшыртууга болгон инвестиция. Биз Кыргызстандын энергетика тармагын заманбап талаптарга жооп берген деңгээлге чыгаруу үчүн системалуу түрдө иштеп жатабыз», — деп белгиледи «Кыргызстан УЭТ» ААКнын башкы директору Алтынбек Рыспеков.
Бул иш-чараларды ишке ашыруу бөлүштүрүүчү электр тармактарынын туруктуулугун жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн олуттуу жогорулатууга, ошондой эле калкты, социалдык объектилерди жана ишканаларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.
«Кыргызстан УЭТ» ААКсы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча стратегиялык максаттарга жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин реформаларына ылайык энергетикалык инфратүзүмдү модернизациялоо жана өнүктүрүү багытында ишин мындан ары да улантат.